Элдин балдары ЭЕ/АҮ
-
- Society & Culture
Элдин балдары эмне менен алектенет? Азыркы кыргызстандык ким? Бир канча тил, жаңы технологияны билген адамбы? Жакшы жашоо издеп кеткен мигрантпы? Өз мекенине кайдыгер карабаган замандашпы? «Азаттык» төгөрөктүн төрт бурчундагы азыркы кыргызстандыктарды кепке тартат.
-
“Күн кармаган балада” Бурулайдын да тагдыры бар”
Коомдо кызуу талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаев "Элдин балдары" подкастына маек курду. Ушул тапта Астанадагы Азербайжан Мамбетов атындагы мамлекеттик драма жана комедия театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жатат.
-
Башталгыч IT адиси жылына канча табат?
"Элдин балдары" подкастынын алгачкы коногу Facebook, Uber, Snapchat, Shell сыяктуу белгилүү компанияларда эмгектенген Эмил Билгазиев.
-
"Эркектин иши. Колуңдан келбейт!"
"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүндө Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Наргиза Назаралиева тууралуу айтып беребиз. Каарманыбыз короо-жай үчүн зым тосмо жасайт. Эки ай мурда социалдык келишимдин негизинде мамлекеттен 100 миң сом алган.
-
Алтымыш жашында студент болгон Калысбек
"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүндө 61 жаштагы студент Калысбек Тагаев тууралуу айтып беребиз. Ал Жалал-Абаддагы "Нур" коллежинин экинчи курсун аяктап жатат. Келечекте башталгыч класстын мугалими болот.
-
Тигүүчүлүккө арналган кырк жылдык өмүр
"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыста жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.
-
Кыз-келиндерге өнөр үйрөткөн Айтурган
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат.
Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буйрутма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады. "