Episodes
Эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз.
Published 10/28/24
Жусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар белгисиз болуп келген? Анын Кара- Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси болгон? Бул суроолорду Жусуп Кангелди уулунун неберелери, географ илимпоз Саламат Аламанов жана Нурлан Кангелдиев менен талкуулайбыз.
Published 10/26/24
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоонун” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарыкка чыкканына 100 жыл болду. Бир кылым ичинде катаал тоталитардык доорду, репрессияларды жашаган басылманын тарыхы, ошол доордо кандай макалалар жазылганы тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев, белгилүү публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев менен талкуулайбыз.
Published 09/25/24
1920-30-жылдардагы репрессия маалында “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, легерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар кармалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган. “Куугунтук курмандыктары” подкастында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандык аялдар тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова менен талкуулайбыз.
Published 07/04/24
“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдары кулакка тартылып, кыргыз жеринде орун-очок алган азерилер тууралуу айтып беребиз.
Published 06/14/24
Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгек жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды. Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1930-жылдардын орто чениндеги сталиндик репрессияда атууга кеткен неберелеринин...
Published 05/27/24
Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толду. Бирок көпчүлүк советтик аскерлер үчүн согуш 1945-жылдын 9-майы менен эле бүткөн эмес. Туткундан бошотулгандар үчүн согуш азабы узак жылдарга созулган. Немис лагеринен өз мекениндеги советтик лагерлерге айдалып, оор шартта, Сибирдин суугуна өпкөсүн алдырып, көпчүлүгү ата мекенине кайтып келалбады. Ошондой азап-тозокту башынан кечирип, Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун жоокердик тагдыры тууралуу тарых илимдеринин...
Published 05/10/24
Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда.
Пропагандалык, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү Советтер Союзу тарагандан кийин туташ жүрдү. Бирок бул иштин толук аягына чыкпай келатышына эмне себеп? Эгемен өлкөлөрдөгү мындай аракеттерге эмне үчүн Орусияда каршы пикир айткандар бар? Бир жагынан жер-суу...
Published 04/26/24
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган? “Куугунтук курмандыктары" подкастында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов менен репрессия курмандыктарына арналган музейдин мааниси, мемориалдык музей кандай болушу керек деген суроолордун тегерегинде талкуулайбыз.
Published 04/01/24
Изилдөөчүлөр буга чейинки карталарды толуктап, жаңы маалыматтардын негизинде ондон ашык карта түзүшкөн. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуяны визуалдаштыруу аракети кандай жүрүүдө? Үркүндүн толук иликтене элек жагы кайсыл? Чек арадагы кул базар, кулчулукка сатылган кыздардын тагдыры эмне болгон? “Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева жана картограф Талгат Жумашев менен талкуулайбыз.
Published 03/13/24
Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы кандуу окуялар, кыргыз элинин өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.
Published 02/20/24
1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адамдар ата журтун таштап качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында конокто тарыхчы Гүлзада Абдалиева.
Published 01/23/24
Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгендигине 100 жыл. XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш кандай жүргөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов жана тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев менен талкуулайбыз.
Published 01/09/24
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган. “Молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу кеп кылабыз.
Published 12/05/23
Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фактылар жокко эсе. Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов жана Орозбековдун небереси...
Published 11/06/23
1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты совет доорундагы жашыруун архивдерди ачыкка чыгаруу. Биздин талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу, ЖК депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов, “Ата-Бейит” комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов катышты.
Published 10/31/23
1920-1930-жылдары кулакка тартылып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, куугунтукталгандардын урпактарынын тагдыры кандай болду? Атасы сүргүнгө, өзү апасы жана агасы менен Украинанын Херсон аймагына айдалган атактуу дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун өмүр жолу.
Published 10/17/23
Казакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз
Published 09/30/23
Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйыны. Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз.
Published 09/18/23
Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялардын алдында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү арууланып, кайра жерге берилген. Бул окуяны коомдук ишмер Роза Айтматова жана тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов менен эскеребиз.
Published 08/30/23
“Куугунтук курмандыктары” подкастында кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев жана казакстандык тарыхчы Шамек Туалебаев менен 1916-жылдагы колониализмге каршы күрөш, катаал режимдин кыргыны – Үркүн тууралуу кеп кылабыз.
Published 08/10/23
Орусиянын Украинага бастырып киргенден бери пост-советтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. Тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов, Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, тарыхка эки жүздүү саясат тууралуу талкуулайбыз.
Published 06/16/23
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө элек. Иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын айтымында, согуштун алгачкы жылдары туткунга түшкөн жоокерлердин көбү лагерлерде каза болгон.
Published 05/26/23
1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз.
Published 05/16/23