Description
Кыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.
Эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз.
Published 10/28/24
Жусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар белгисиз болуп келген? Анын Кара- Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси...
Published 10/26/24