Description
Биздин бүгүнкү коногубуз - белгилүү продюсер, режиссер, көптөгөн көркөм фильмдердин жана сериалдардын жаратуучусу, "Этномедиа” онлайн кинотеатрынын түзүүчүсү Сүйүн Откеев.
Кыргыздын мыкты таланттуу уулунун колунан жаралган "Соолуган карек", "Жети Х", "Мегатой", "Чоочун киши" ж.б. фильмдерди көрбөгөн адам жок болсо керек. А клиптерин 2000-жылдан бери көрүп келе жатасыз.Сүйүн мырза бул ийгиликтерди кантип багындырганын, 250 000 доллар кетирип эмнеге онлайн кинотеатр ачканын айтып берди. Бүгүн "Этномедиа" 70тен ашуун киностудияны жана 500дей фильмди камтыйт. Миллионго жакын адам бул тиркемени өзүнүн смартфондоруна жүктөгөн. Бул инсандын сиз билүүгө милдеттүү кызыктуу ойлору бар. Анда, кеттик!
Саламатсыздарбы, биздин Ютуб-каналдын кадырлуу көрөрмандары! "Накта Подкасттын" бүгүнкү чыгарылышы өтө чоң талкууга түшөөрүн сезип турам, анткени, бизде конокто - Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев. Бир чети, тарыхый дагы чыгарылыш болуп жатат, анткени, маек учурунда биз бүтүндөй бир...
Published 10/14/24
Саламатсыздарбы, урматтуу көрөрмандар! “Накта Подкасттын” бүгүнкү чыгарылышы чындап өзгөчө! Биздин конок — АКШда жашап жаткан белгилүү ырчы Эрлан Андашев! Эрлан жылына болгону бир жолу Кыргызстанга келип келет, андыктан, быйылкы мекенине сапарында бизге келип маек куруп бергени - өзгөчө табылга....
Published 10/14/24