Кыргыз Рухий Ыры - "Кудайдын ырайымы төгүлдү".mp4 / Суруди Рухонии Киргизи - "Рахмати Худо рехт".mp4
Listen now
Description
Кыргызская духовная песня - "Излилась Божья благодать".mp4 / Qirg'iz ma'naviy qo'shig'i - "Allohning inoyati to'kildi".3gp / Kyrgyz Spiritual Song - "God's grace has poured out".mp4 //Корунттуктарга жазылган биринчи кат 151 Эми, боордоштор, эсиңерге өзүм жарыялаган Жакшы Кабарды салгым келет. Силер аны кабыл алып, ага ылайык жашап келатасыңар. 2 Эгер мен жарыя кылган Жакшы Кабарга ылайык жашасаңар, ошол аркылуу куткарыласыңар. Антпесе ага ишенгениңер куру бекер. 3 Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген ошол кабардын ток этер жери мындай. Ыйык Жазууда убада кылынгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман болгон. 4 Анын көргө коюлуп, үчүнчү күнү кайра тирилери да Ыйык Жазууда алдын ала айтылган. 5 Андан кийин Ал Петирге, анан он эки элчисине көрүнгөн. 6 Андан соң, Аны бир эле убакта беш жүздөн ашык боордошторубуз өз көзү менен көрүшкөн; алардын айрымдары көз жумганы менен, көбү али да тирүү. 7 Андан соң, Ал Жакыпка жана элчилердин баарына көрүндү. 8 Эң акырында болсо, Аны маалынан өтүп туулган балага окшогон мен көрдүм. 9 Өзүмдү мындай дегеним, мен элчилердин катарында эң акыркы болуп турам, атүгүл элчи болуп аталууга да татыксызмын, себеби Кудай жыйынын куугунтуктагам. 10 Бирок Кудай мага ырайым этип, азыркы даражага жеткирди. Кудайдын мага кылган ырайымы текке кетпестен, мен кайра алардын баарына караганда көбүрөөк мээнеттенип иштедим. Арийне, эмгектенген мен өзүм эмес, мени колдогон Кудайдын ырайымы. 11 Ошентип, мен боломбу, же аларбы, биз жарыялап, силер ишенген кабар ушул.
More Episodes
Таджикский язык - Евангелие от Марка 15:1-23.mp4 / Tajik Language - Gospel of Mark 15: 1-23.mp4  
Published 01/24/23
Таджикский язык - Евангелие от Марка 15:24-47.mp4 / Tajik Language - Gospel of Mark 15: 24-47.mp4  
Published 01/24/23