Вандык кыргыздар жана Рахманкул хандын тарыхий мааниси. Этнограф Зарина Урманбетованын көз карашы.
Listen now
Description
Подкастын 6-эпизоду башка чыгарылыштардан айырмасы бар. Биринчиден, бул чыгарылышта биз памирлик кыргыздар жөнүндө эмес Туркиянын Ван облусунда жашаган вандык кыргыздар тууралуу сөз кылабыз. Экинчиден, биз антрополог менен маектешебиз. Азыр Цюрихте эмгектенген кыргыз кызы, этнограф Зарина Урманбетова Ванда жашаган кыргыздар менен кантип таанышканын, хандык система тууралуу жана памирлик туугандарына караганда Түркияда этникалык кыргыздар кантип жашоосун өткөрөөрү жөнүндө сөз кылды. Бул жана башка «Ысык нан» подкастынын баардык эпизоддорун  даярдоо «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынып даярдалды. Айтылган ой-пикирлер Сорос – Кыргызстан фондусунун коз карашын билдирбейт. 
More Episodes
Published 04/06/20
Коронавирустун дүйнө мамлекеттеринде тарашы менен, ар бирибиз өз саламаттыгыбызга өтө маани берип калбадыкпы. Ден-соолук демекчи, биз "Ысык нан" подкастынын 5- эпизодунда, Кичи жана Улуу Памирде жашаган боордоштор кандай оорулар менен жабыркагандыгын, даары-дармектин жетишсиздиги памирликтерди...
Published 03/26/20
Түбү бир элдин салттарын ортодогу аралык менен убакыт өзгөрттубу? Же окшоштуктар калдыбы? Кыз алып,кыз берүүдө нарындын келиндери менен Памирлик кыргыздардын келиндери өзүнүн өзгөчөлүктөрүн ачыка чыгарышты. Угуп, көчүрүп алып, достор менен бөлүшкуло▶️🤓
Published 03/11/20