Episodes
Бала үй иштерине жардам берүүгө милдеттүүбү же бала болгондон кийин тим эле коюш керекпи? Канткенде жардам берет? Мактап койсо эле жетиштүүбү? Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу жеке тажрыйбасы менен бөлүшүшөт.
Published 04/30/20
Экөөнө тең бирдей мамиле кылып, бирдей тарбиялаш керекпи? Балдарды кыз-эркек деп бөлөбүзбү же улуусу кичүүсү деп бөлөбүзбү? Уулдары жана кыздары менен болгон мамилелери тууралуу Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу айтып беришет.
Published 04/30/20
Ата-энелердин элестетүүсүндө идеалдуу бала сабагын өзү окуйт жана мектептен жалаң беш алып келет. Тилекке каршы жашоодо андай эмес. Балдарыбыз менен сабакты бирге окуп туура кылып жатабызбы же жокпу? Чоң класста окуган балдар менен эмне үчүн сабагын окубайбыз? Алар өз алдынча болуп калгандыктанбы же алардын сабагына мээбиз жетпейби?
Published 04/26/20
Биз балдарыбызды абдан жакшы көрөбүз, а бирок кээде алар ачууңду келтирет. Андайда эмне кылуу керек? Балаңыз сизди тартып көк бет экенин көргөндө сыймыктандыңыз беле? Мектепте мугалимдин указкасы эмнеге керек экенин канчанчы классыңызда түшүнгөнсүз? Подкастынын алып баруучулары Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу ушулар туурасында сүйлөшүшөт.
Published 04/17/20
Телефон биздин жашообуздун бир бөлүгү, үй-бүлөбүздүн мүчөсү болуп калгандай. Ансыз азыркы жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Бул чыгарылышта алып баруучулар балдарга телефон көрүүгө уруксат берүү керекпи же жокпу? Уюлдук телефон жок кезде биз кантип байланышчу элек? Балдарды көрбө деп коюп, өзүбүз телефондон чыккыбыз жок - дегендер туурасында сүйлөшүшөт.
Published 04/10/20
Аялы менен кирген туурабы же бул аялзатына гана тиешелүү процесспи? Төрөткө кирген эркек жардам береби же анын ал жерде эч кандай пайдасы жокпу?
Published 03/26/20
Ар бир баланын өз ырыскысы бар. Же азыркы заманда бардыгын пландоо керекпи, анын ичинде балалуу болууну дагы? Кийинки эркектер мурункуларга салыштырмалуу баласак болуп калганбы?
Published 03/11/20
Бала-чака подкасты бала-чакасы бар адамдар үчүн. Алып баруучулар Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу балдарына тарбия берүүдө кетирген кемчиликтери жана ийгиликтери жөнүндө сүйлөшүшөт.
Published 02/26/20