Бирге өсөлү: Подкаст #10 Кечиримдүүлүк
Listen now
Description
Бирге өсөлү: Подкаст #10 Кечиримдүүлүк бул “өткөн окуя башкача болот” деген үмүттү үзүү жана “өткөн нерсе башкача болуш керек эле” өкүнүчтү жойуу.  Сиз өткөн нерсени ойлоп кайгыга түшөсүзбү? Бирөөгө таарынып ичиңизден сыздап жүрөсүзбү?  Жакын адамыңыздан жүрөгүңүзгө жаракат алып, жараңыз айыкпай жүрөбү?  Кандай гана жарабыз болбосун, аны убакыт дарылайт. Ал эми кечиримдүүлүк айыгууну тездетет. Ушул темага биз подкастыбыздын чыгаралышанда талкуу жүргүзөбүз. Келиңиздер, бирге өсөлү! --- Send in a voice message: https://anchor.fm/bermet/message
More Episodes
Сенин алдыңда эң сонун күн турат. 🌞Ушул күн: “Кел, мени жаратчы” 🌷- деп чакырып жатат. Бул күн үчүн кечээки, андан мурунку күнү болгон окуялар, бир жыл, жэ беш жыл мурун өткөн нерселер бирдей. Сен азыр, ушул көз ирмемде жашайсың🤩. Адамзатка берилген эң кымбат сапат - бул тандоо жана жаратуу!...
Published 10/11/20
Дисциплина - бул максат менен ийгиликтин ортосундагы көпүрө. 😉 Баарыбыздын эле өзүбүзгө койгон максаттарыбыз жана эңсеген кыялдарыбыз бар😉. Мисалга алсак, ден-соолук💪, жогорку билим👩‍🎓, акча-каражат 🤑жана саякаттоо🌴. Ошентсе да эмнегедир адам баласы күнүмдүк жашоосунда ал максаттарын унутуп,...
Published 06/14/20
Кедейби же байбы☘️, жашпы же карыбы☘️, аялбы же эркекпи☘️, айтор ар бирибиздин күнүбүз 24 сааттан турат😉.  Ошентсе да, эмнегедир кээ бир адамдар бир күндө салыштырмалуу көбүрөөк иш бүтүрүшөт🙌.  Анын сыры кандай болду экен? 🤔 Убакыттын алдында баарыбыз тең болсок, анда ар бир адам өз убактысын...
Published 05/30/20