Episodes
Сенин алдыңда эң сонун күн турат. 🌞Ушул күн: “Кел, мени жаратчы” 🌷- деп чакырып жатат. Бул күн үчүн кечээки, андан мурунку күнү болгон окуялар, бир жыл, жэ беш жыл мурун өткөн нерселер бирдей. Сен азыр, ушул көз ирмемде жашайсың🤩. Адамзатка берилген эң кымбат сапат - бул тандоо жана жаратуу! 🌷Сенин жаратуучу сапатың бар🥳, сенин жаратуучу күчүң зор! 💪Бул сенин күнүң! ☀️Ушул күндө кайсы ойлор, кайсы сезимдер бар болсун? 🤗
---
Send in a voice message: https://anchor.fm/bermet/message
Published 10/11/20
Бирге өсөлү: Подкаст #10
Кечиримдүүлүк бул “өткөн окуя башкача болот” деген үмүттү үзүү жана “өткөн нерсе башкача болуш керек эле” өкүнүчтү жойуу.
Сиз өткөн нерсени ойлоп кайгыга түшөсүзбү? Бирөөгө таарынып ичиңизден сыздап жүрөсүзбү?
Жакын адамыңыздан жүрөгүңүзгө жаракат алып, жараңыз айыкпай жүрөбү?
Кандай гана жарабыз болбосун, аны убакыт дарылайт. Ал эми кечиримдүүлүк айыгууну тездетет.
Ушул темага биз подкастыбыздын чыгаралышанда талкуу жүргүзөбүз.
Келиңиздер, бирге өсөлү!
---...
Published 06/20/20
Дисциплина - бул максат менен ийгиликтин ортосундагы көпүрө. 😉
Баарыбыздын эле өзүбүзгө койгон максаттарыбыз жана эңсеген кыялдарыбыз бар😉. Мисалга алсак, ден-соолук💪, жогорку билим👩🎓, акча-каражат 🤑жана саякаттоо🌴. Ошентсе да эмнегедир адам баласы күнүмдүк жашоосунда ал максаттарын унутуп, кийинкиге калтырган учурлар көп.😔
Ал эми чындыгында айта келсек, өздөрүн тартипке сала алган жана дисциплинасы күчтүү адамдар бактылуу келишет экен.🤩
Ушул темага биз подкастыбыздын 9-чу чыгаралышанда...
Published 06/14/20
Кедейби же байбы☘️, жашпы же карыбы☘️, аялбы же эркекпи☘️, айтор ар бирибиздин күнүбүз 24 сааттан турат😉.
Ошентсе да, эмнегедир кээ бир адамдар бир күндө салыштырмалуу көбүрөөк иш бүтүрүшөт🙌.
Анын сыры кандай болду экен? 🤔
Убакыттын алдында баарыбыз тең болсок, анда ар бир адам өз убактысын өзүнө пайдалуу өткөрсө болот, деген натыйжа туура го😉.
Келиңиздер, “Бирге өсөлү” подкастынын 8-чи чыгарылышында биз менен чогуу убакыттын сырын ачуучу сапарга жөнөйлү. 🚀
---
Send in a voice...
Published 05/30/20
Мотивациялык кеп: Азыр! Бүгүн! Эң жакшы аракетиңди кыл!
---
Send in a voice message: https://anchor.fm/bermet/message
Published 05/23/20
“Талантың болсо мүмкүнчүлүктөр жаралат деп айтылат. 🤟Бирок чындыгында каалоо талантты жаратат.🤩“- Брюс Ли
Дүйнөдөгү таланттуу адамдар талантттуу болуп жаралганбы? 🤔 Жэ алар өздөрү талантын жаратыштыбы? 🧐Эгер өздөрү жаратса, кантип эң жогорку деңгээлге жетишти экен? 🤓
„Бирге өсөлү” подкастынын 7-чи чыгарылышында биз талантты жана талантуу адамдардын өзгөчүлүктөрүн талкууга алабыз👍
Мазмуну:
1. Таланттын аркасында эмне турат?
2. Таланттуу адамдын жашоосунан.
3. Аракет жана...
Published 05/23/20
“Көрө албастык жакыр кылат,
суктануу байытат”. 🤔 деп айтат Алия 😁
“Ай ий тиги кошунанын үйү сонун. 😏Байкемдин машинасы мыкты. 😏Класташымдын чачы шумдук😏. Досумдун жумушу кызык. 😏
Меники эмнеге андай эмес.” 😔😡- деген ойлор баарыбызда эле бардыр. Алар ичибизди күйдүрүп, өзүбүздү кем сездирет.
„Бирге өсөлү” подкастынын бул чыгарылышында биз көрө албастыкты суктанууга кантип айландырса болот 😉жана ушул көз караш кандай артыкчылыктарды алып келээрин талкуулайбыз.👍
1. Ич күйүү жана анын...
Published 05/16/20
“Мыкты боло электе эле, мен эң мыктымын деп айткам!”- Ушул сөздөр жана ушул ишеним менен Мухаммед Али өзүн дүйнөдөгү эң мыкты боксёрго айланткан.
Өзүбүзгө таза ой жана позитивдүү аффирмацияга менен чоң күч-кубат берсек болот. Ошондуктан
баарыңыздарды позитивдүү аффирмацияга арналган медитацияга🙏 чын жүрөктөн чакырабыз!🧘🏻🧘🏻♂
Келиңиздер, бирге өсөлү! 🚀🚀🚀
---
Send in a voice message: https://anchor.fm/bermet/message
Published 05/09/20
“Адам бир нерсеге ишенгиси келсе, ошонун чындыгына далил табат”.🧐 - деп замандаш акын IN-Q айтат.
Адам баласы кандай гана чектөөчү ишенимдер менен жашап келсе да, ал ошолорду күнүмдүк аракет менен жойо алат. 💪👍
Бирге өсөлү” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында, биз позитивдүү аффирмация ☘️кантип чектөөчү ишенимдерди жойууга жардам берээрин талкуулайбыз.👏
Мазмуну:
1. Позитивдүү аффирмация деген эмне? 🤔
2. Четкөөчү сүйлөмдү позитидүү сүйлөмгө которуу😉
3. Позитивдүү аффирмациянын...
Published 05/09/20
“Бир нерсени кыла алам деп ишенсең да, кыла албайм деп ишенсең да, сеники туура.” - деп Хенри Форд айткан экен. 🤔
Көп эле учурда адам баласы өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөөчү ишенимдер менен жашап келет. Алардын чын жэ чын эмес экенин аракет аркылуу гана далилдей алабыз.
💪
“Бирге өсөлү” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында, биз өзүңдү чектөөчү ишенимдерди талкуулайбыз.
Мазмуну:
1. Өзүңдү чектөөчү ишенимдер деген эмне
2. Мисалдар
3. Чектөөчү ишнимдерди жеңүүнүн жолдору
4....
Published 05/02/20
Саламатсыздарбы урматтуу замандаштар!
Бул чыгарылышта биз угармандардын талабынын негизинде “Медитация” тууралуу маек курабыз. Жазуучу Наполеон Хилл айтып кеткендей, “адам оюн башкарбаса, ой адамды башкакрат”. Ойлорубузду контролго алышка медитациянын күчү зор.
Маектин мазмуну:
1. Медитация деген эмне?
2. Медитациянын пайдасы
3. Медитацияга даярдык көрүү
4. Чогуу медитацияга кирели
Угууңуздар кызыктуу болсун! 🌞
Келиңиздер, бирге өсөлү! 🚀🚀🚀
---
Send in a voice message:...
Published 04/25/20