Кыргыз тойлору
Listen now
Description
Биринчи чыгарылыш- учурда жылы бою байма- бай болуп келген тойлордун өткөрүлүшүнө арналат. Айрыкча күз мезгилиндеги тынымсыз келген чакыруу билеттер, чакыруу колуна тийген ар бир адамдын реакциясы, ой-жүгүртүүсү, тойго даярданып баруусу жана албетте канча кошумча беришим керек деген санаасы ар бир конокко маалым болушу керек. Тойлорго жумшалган ашыкча каражаттар, тамак-аштар жана куру намыс үчүн карызга батуу. Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы? Ушул теманы ачып берүүдө тамада, чыгармачыл инсан, ырчы жана төкмо акын Талант Асаналиев менен маектешебиз
More Episodes
Таберик подкастынын 6- чыгарылышы мурунку чыгарылыштардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат.  Анткени, буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнай алдым. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле...
Published 04/16/20
Published 04/16/20
Таберик подкастынын 5- чыгарылышы- Улуттук оюндар Өзүңүз баамдагандай Таберик подкасты ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп- адаттары тууралуу. Буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылган болсок, бүгүн биз ата-...
Published 04/15/20