Episodes
Таберик подкастынын 6- чыгарылышы мурунку чыгарылыштардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат.  Анткени, буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнай алдым. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле баалуу маалымат менен бөлүшүп жатты. Мына ошолордун негизинде “Жаш балдарга байланыштуу каада-салттарды” чогултууга да жетиштим. Бүгүн мен өзүм чогулткан маалыматтарды сиздер менен бөлүшүүгө даярмын....
Published 04/16/20
Published 04/16/20
Таберик подкастынын 5- чыгарылышы- Улуттук оюндар Өзүңүз баамдагандай Таберик подкасты ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп- адаттары тууралуу. Буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылган болсок, бүгүн биз ата- бабалар ойноп келген оюндар тууралуу сүйлөшөбүз. Бул чыгарылышта сиз Көк бөрү оюнунун тарыхы, ал кандай өзгөрүүгө дуушар болгонун, илгери эл башкарган Болуштардын оюну жана таарынычы, улуттук оюндарды...
Published 04/15/20
Таберик подкастынын 4- чыгарылышы "Маркумду узатуу" салтына арналат. Мында биз ата- бабалардан калган салтта  эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз. Ал үчүн биз Кожомкул айылына бардык. Кожомкул айылы Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айылдын бирөөсү, айтылуу Каба уулу Кожомкул балбан чыккан жер. Биздин маектешибиз Айнагул Мураталиева дал ушул айылда жашайт. Айнагүл эже өзү айылдагы активист айым, ардактуу эс алууда болсо дагы талыкпай,...
Published 04/11/20
Таберик подкастынын 3-чыгарылышы Кыз узатуу салтына арналат. Ата- бабаларыбыз мурунку замандарда кыз узатуу жөрөлгөсүн кантип кылышкан, азыркы кыз узатуу тойлору менен айырмасы кандай? Кыз узатуудагы кайсы салттар сакталып калды?  Ашкере ысырап жана куру намыс коомду эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул суроолорго жооп алыш учун эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасынын татыган, ардактуу аксакал Үсөн Бурканбаев менен маек курдук.
Published 04/03/20
Мурда ата- бабалар батага абдан терең маани берип келишкен. Улуу адам бата берип жатканда, баары тыптынч болуп угуп, батанын маанисине көңүл буруп, бата алуу үчүн узак жолдорду жүрүп улуу адамдардан бата алып келишкен. Ал эми азыр бата берүүнү баары эле биле береби? Жаштар бата алуунун наркын билишеби? Бата берүү азыр да жашап, жаны заман менен бирге өмүрүн улантып жатабы? Мына ушул суроолордун тегерегинде Таштанбай Абдиев менен маектештик.
Published 03/16/20
Биринчи чыгарылыш- учурда жылы бою байма- бай болуп келген тойлордун өткөрүлүшүнө арналат. Айрыкча күз мезгилиндеги тынымсыз келген чакыруу билеттер, чакыруу колуна тийген ар бир адамдын реакциясы, ой-жүгүртүүсү, тойго даярданып баруусу жана албетте канча кошумча беришим керек деген санаасы ар бир конокко маалым болушу керек. Тойлорго жумшалган ашыкча каражаттар, тамак-аштар жана куру намыс үчүн карызга батуу. Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы? Ушул теманы ачып берүүдө тамада,...
Published 03/12/20
Жылы бою биринин артынан бири өткөрүлүп келген аш-тойлорго, чакырылган адамдар күздүн күнү барып жетише албай калган учурлар көп. Чакыруу алган адам кайгырып, кайсы тойго же ашка барып жетишерин билбей турган маалда, той же аш өткөрүп жаткан үй-бүлө Элге уят болбой, Эл алдында көрүнүп туралы, карыз болсок бир күнү кутулабыз деген тобокелдикке барып жаткан учурлар аз эмес. Менин биринчи кыргыз тилиндеги подкастымда каармандар менен кыргыздын ата-бабадан калган салттарын өзгөрүүгө дуушар кылып,...
Published 03/07/20