Description
Таберик подкастынын 4- чыгарылышы "Маркумду узатуу" салтына арналат. Мында биз ата- бабалардан калган салтта эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз. Ал үчүн биз Кожомкул айылына бардык. Кожомкул айылы Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айылдын бирөөсү, айтылуу Каба уулу Кожомкул балбан чыккан жер. Биздин маектешибиз Айнагул Мураталиева дал ушул айылда жашайт. Айнагүл эже өзү айылдагы активист айым, ардактуу эс алууда болсо дагы талыкпай, коомдук уюм түзүп алып, салттуу билимдерди сактап калуу үчүн аракеттерди жасап келе жатат.
Таберик подкастынын 6- чыгарылышы мурунку чыгарылыштардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат.
Анткени, буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнай алдым. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле...
Published 04/16/20
Таберик подкастынын 5- чыгарылышы- Улуттук оюндар
Өзүңүз баамдагандай Таберик подкасты ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп- адаттары тууралуу. Буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылган болсок, бүгүн биз ата-...
Published 04/15/20