Ата- бабаларыбыз ойногон улуттук оюндар...
Listen now
Description
Таберик подкастынын 5- чыгарылышы- Улуттук оюндар Өзүңүз баамдагандай Таберик подкасты ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп- адаттары тууралуу. Буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылган болсок, бүгүн биз ата- бабалар ойноп келген оюндар тууралуу сүйлөшөбүз. Бул чыгарылышта сиз Көк бөрү оюнунун тарыхы, ал кандай өзгөрүүгө дуушар болгонун, илгери эл башкарган Болуштардын оюну жана таарынычы, улуттук оюндарды унутпай сактап калуу, азыркы жаштарга кантип үйрөтүү керектиги жөнүндө уга аласыз. Бүгүнкү маектешим Турар Абылгазиев, ардактуу эс алуудагы мугалим, көп жылдар бою жаштарды спорт менен машыктырып, көк бөрү оюнунда калыс катары кызмат аткарып келген айыл тургуну.
More Episodes
Таберик подкастынын 6- чыгарылышы мурунку чыгарылыштардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат.  Анткени, буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнай алдым. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле...
Published 04/16/20
Published 04/16/20
Таберик подкастынын 4- чыгарылышы "Маркумду узатуу" салтына арналат. Мында биз ата- бабалардан калган салтта  эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз. Ал үчүн биз Кожомкул айылына бардык. Кожомкул айылы Суусамыр өрөөнүндөгү 5...
Published 04/11/20