Жаш балдарга карата каада-салттар
Listen now
Description
Таберик подкастынын 6- чыгарылышы мурунку чыгарылыштардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат.  Анткени, буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнай алдым. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле баалуу маалымат менен бөлүшүп жатты. Мына ошолордун негизинде “Жаш балдарга байланыштуу каада-салттарды” чогултууга да жетиштим. Бүгүн мен өзүм чогулткан маалыматтарды сиздер менен бөлүшүүгө даярмын. Бала төрөлгөндөн баштап, ал жетилип, үйлөнүп, өзүнчө түндүк көтөргөнгө чейин кандай жөрөлгөлөр бар экенин айтып берем.   Өзүмдүн жашоодогу практикама ылайык, кээ бирөөсүн колдонсок, кээ бирөөлөрүн таптакыр эле билбептирмин. Буларды айтып бере турган адамдар дагы өтө аз экен, муну иш жүзүндө көрүп отурам. Ушундан улам, улуу муундардан сурап, билип калбасак, кийинки муун таптакыр эле салт-санаанын түпкү маанисин билбей калабызбы деген да коркунуч пайда болду менде. Бирок азыр убакытыбыз жана мүмкүнчүлүгүбүз бар учурда Таберикти сактап калуу өтө маанилүү болуп турат. Ар бир мезгилди жана адамды убагында баалап- барктап алалы! Таберик подкасты “Сорос- Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашты, мазмундагы ой- пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
More Episodes
Published 04/16/20
Таберик подкастынын 5- чыгарылышы- Улуттук оюндар Өзүңүз баамдагандай Таберик подкасты ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп- адаттары тууралуу. Буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылган болсок, бүгүн биз ата-...
Published 04/15/20
Таберик подкастынын 4- чыгарылышы "Маркумду узатуу" салтына арналат. Мында биз ата- бабалардан калган салтта  эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз. Ал үчүн биз Кожомкул айылына бардык. Кожомкул айылы Суусамыр өрөөнүндөгү 5...
Published 04/11/20