Episodes
Кыргыз үй-бүлөлөрүндө кызга караганда эркек балага артыкчылык бергендер бар. Удаа кыз төрөлө баштаганда эле "кийинкиси уул болсун" деп ырымдаган ысымдарды ыйгарышат. “Аялзат” подкастын ушул темага арнайбыз.
Published 02/19/21
Баласына ооруканада ВИЧ жуккан 42 жаштагы жалгыз бой эне Саламаттык сактоо министрлигин жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасын Жогорку сотто утуп алды. Утулган тарап келинге 2 миллион сом кенемте төлөп берүүгө тийиш.
Published 02/02/21
Ташкенттик активист, адам укуктары боюнча юрист Дилфуза Куролова Борбор Азиядагы кыз-келиндердин укугу тууралуу ой бөлүштү (маек орус тилинде).
Published 01/26/21
Коронавирус пандемиясынан улам карантин жарыяланганда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 65% өстү. Подкаст «Айкын багыт» коомдук фондунун «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Мазмунуна “Айкын багыт” коомдук фонду жана “Азаттык” жооптуу. Талкуунун өзөгү АКШ өкмөтүнүн, USAID жана FHI 360 уюмдарынын турумун билгизбейт.
Published 01/25/21
Эмне үчүн аялдардын таламын талашып, зомбулукка каршы турган эркек активисттер аз? “Аялзат” подкастында журналист Санжар Эралиев менен укук коргоочу Эржан Сулайман ушул маселени талдашат. Подкаст «Айкын багыт» коомдук фондунун «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Мазмунуна “Айкын багыт” коомдук фонду жана “Азаттык” жооптуу. Талкуунун өзөгү АКШ өкмөтүнүн, USAID жана FHI 360 уюмдарынын турумун билгизбейт.
Published 01/11/21
Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Дүрдана сыр бөлүштү. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн тагдырына арналган "Сынбайм" деп аталган радиобаяндар топтомунун кезектеги эпизоду.
Published 12/09/20
Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Сырга менен Карачач сыр бөлүштү. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн тагдырына арналган "Сынбайм" аудиобаяндар сериясынын кезектеги эпизоду.
Published 12/05/20
Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Сафия сыр бөлүштү. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн тагдырына арналган "Сынбайм" деп аталган подкасттын кезектеги чыгарылышы.
Published 11/30/20
Кыргызстандык ЛГБТ-активист эне Гүлмира жана анын трансгендер уулу Санжар “Азаттык” радиосуна ой бөлүштү (маек 2019-жылдын сентябрында алынган).
Published 11/26/20
Кичинекей кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Үмүтжан сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясынын алкагында кезектеги подкастты сунуш кылат.
Published 11/25/20
25-ноябрдан тарта Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы он алты күндүк өнөктүк башталды. Жоопкерчилик, комплекстер, көз карандылык жана эрктүүлүк темасын Санжар Эралиев жана Назира Айтбекова талдоого алышат. Подкаст «Айкын багыт» коомдук фондунун «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Мазмунуна “Айкын багыт” коомдук фонду жана “Азаттык” жооптуу. Талкуунун өзөгү АКШ өкмөтүнүн, USAID жана FHI 360 уюмдарынын турумун...
Published 11/25/20
Дарыгерлердин шалаакылыгы менен кичинекей кезинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган Көпөлөк сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясын сунуш кылат.
Published 11/20/20
Кыргыз медиасы зомбулукка каршы күрөшкө кандай салым кошо алат? Журналисттер окуя тууралуу кабарлап коюу менен эле чектелиши керекпи же өкүмзордукту токтотууда агартуучулук милдетти да аткарышы зарылбы? Талкуу «Айкын багыт» коомдук фондунун «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Мазмунуна “Айкын багыт” коомдук фонду жана “Азаттык” жооптуу. Талкуунун өзөгү АКШ өкмөтүнүн, USAID жана FHI 360 уюмдарынын турумун билгизбейт.
Published 11/16/20
Ала качуу аркылуу баш кошууга мажбур болгон, зомбулукка кабылган, аны жеңип чыккан келин жөнүндө баян. Подкаст «Айкын багыт» коомдук фондунун «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Мазмунуна “Айкын багыт” коомдук фонду жана “Азаттык” жооптуу. Талкуунун өзөгү АКШ өкмөтүнүн, USAID жана FHI 360 уюмдарынын турумун билгизбейт.
Published 10/14/20
Коронавирустан улам киргизилген карантиндин алгачкы бир айында эле Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулук көрсөткүчү 62% көбөйдү.
Published 09/28/20