Episodes
19-ноябрь ишкер аялдардын эл аралык күнү. Бул датаны утурлай Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо максатында алгачкы гендердик облигациялар чыкты. Долбоорду ишке ашырган ишкер аял, "Азия Банкынын" жетекчиси Назира Бейшеналиева менен "Аялзат" түрмөгүндө маектештик.
Published 11/22/22
Published 11/22/22
Кыргызстанда базарда иштегендердин басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Үй-бүлөсүн багуу үчүн кыштын суугуна, жайдын ысыгына чыдаган соодадагы кыз-келиндердин түйшүгү тууралуу "Эже-сиңдилер" программасында сөз кылабыз. Көрсөтүүнүн аудиоверсиясын "Аялзат" подкастында сунуштайбыз.
Published 09/04/22
Түркияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин арасында саламаттыгынан айрылып, жардам сурагандар бар. Оор жумуштун, автокырсыктын айынан майып болгон аялдар чет жерде каражатка муктаж. Аларга мекендештери жана ыктыярчылар кол сунуп, айрымдары мекенди көздөй бет алганга умтулууда.
Published 07/26/22
Блогер Назира Айтбекова сексуалдык ыдык көрүп, зордукталганын айткан ондогон кыздардын катын жарыялады. Анда кыздар үйдө, коомдук жайларда жакындары, чоочун адамдар, кесиптештери тийишип, жүрөгүндө так калганын жазган.
Published 05/13/22
Чүйдүн Панфилов районунда динчил күйөөсүнөн кордук көргөнүн айткан келин Бишкекте башкалкалап жатат. Сот ага күйөөсүнөн 7 гектар жер, бир саан уй бөлдүрүп берген. Ортодо мыйзамдуу никеге турбагандыктан, укугун коргоодо да кыйынчылыктар жаралган. Жолдошу анын үстүнө 16 жолу үйлөнгөнү тууралуу маалыматтар бар. “Аялзат” подкастында ушул темага кайрылабыз.
Published 05/10/22
Кыргызстанда эмгек укуктарын билбегендиктен көптөгөн жарандар жабыр тартат. Иш берүүчү жана кызматкерлердин укуктары жана милдеттери кандай? Алардын сакталышына ким жоопкер? "Аялзат" подкастында ушул темадагы талкууну сунуштайбыз.
Published 04/04/22
Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт сарптайт. Үй кожойкелеринин көрүнбөгөн эмгеги жана "үйдө отуруу" деген сөздүн артындагы мээнет тууралуу "Аялзат" подкастында кеп салабыз.
Published 03/14/22
Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли жогоруламайынча кыз-келиндердин каржылык абалы жакшырбайт жана гендердик теңдин маселеси көйгөй бойдон кала берет. Мындай пикирин илимпоз Дилбар Чокоева айтты. Ал “Аялзат” подкастында аялдардын коомдук-саясий турмуштагы ролу тууралуу ой бөлүштү.
Published 03/08/22
"Аялзат" подкастында бул жолу майыптыгы бар балдардын укуктары жана аларга коомдун жана мамлекеттин мамилеси тууралуу сөз кылабыз.
Published 03/07/22
Ушу тапта өлкөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөткөн 17ге жакын кризистик борбор бар. Ал жерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам көрсөтүлөт. Адистер документтерди толтурууга жардам берип, сот залында коштоп жүрүшөт. Кризистик борборлор убактылуу баш калкалоочу жай менен да камсыз кылат.
Published 01/24/22
Смартфондогу “Чабалекейлер” тиркемеси үчүн “Сары-Көл сырлары” деп аталган оюн-сериал даярдалды. Ал Кыргызстандагы жашы жете электер арасындагы нике темасын камтыйт. Оңой, түшүнүктүү жана пайдалуу интерактивдүү оюн тууралуу "Аялзат" подкастынан угуңуз.
Published 12/22/21
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо болуп өттү. Аралаш системада өткөн саясий жараянда бир мандаттуу округдардан бир да аял талапкер жеңишке жеткен жок. Бул жолу шайлоодогу аялдар катыштыгы тууралуу кеп курабыз.
Published 12/04/21
Кыргызстанда жыл башынан бери онго жакын келин өз жанын кыйган жана кыюуга аракет кылган. Адистер мындай жагдайга түрткөн себептердин бири катары үй-бүлөлүк чыр-чатакты, ата-эне жана жакындардын түшүнбөстүгүн, социалдык абалды айтып келет. "Аялзат" подкастында Лауранын тагдырына көңүл буруңүз.
Published 11/21/21
Бишкек шаардык милициясы көчөдө күйөөсү аялын сабаган окуя боюнча тергөөнү баштады.  Үй-бүлөдө аялдарга көрсөтүлгөн өкүмзордукту айрым эркектер сындап чыгышты. "Аялзат" түрмөгүндө мырзалардын ойлоруна орун беребиз.
Published 11/11/21
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө экенин көрүүгө болот. Бул индекс кандай көрсөткүчтөргө таянып чыгарылды жана аялдардын азыркы абалын кантип өзгөртүү керек? Ушул маселени талкуулайбыз.
Published 11/06/21
Кыргызстандын бийлик бутактарында аялдардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тенденция эмнени билдирет жана аялдардын саясатка катышуусу канчалык маанилүү? Ушул теманы талкуулайбыз.
Published 10/31/21
Кыргызстандын экологиялык жактан таза азыктарын дүйнөлүк базарга чыгарууда кандай талаптарды эске алуу зарыл? Бул суроого тамак-аш жаатындагы адис, Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева менен маекти сунуштайбыз.
Published 09/06/21
Токиодо өткөн Жайкы олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова менен баарлашабыз. Каарманыбыз күрөштөгү кыздар жана спорттогу карьера, тууралуу ой бөлүштү.
Published 08/28/21
Кыз-келиндер үчүн көп колдонулуучу гигиеналык эко-жаздыкчаларды өндүргөн Айсулуу Борбиева тууралуу баян.
Published 08/14/21
Замира Калыбек кызы Кыргызстанда алгачкылардан болуп көзү азиз адамдардын укуктарын изилдеген диссертация жактап жатат. Ал “Аялзат” подкастында илимий эмгеги, жакында ачкан коомдук фонду жана ишкерлик планы жөнүндө айтып берди.
Published 06/29/21
2020-жылга карата Адамдын өнүгүү индексинде Кыргызстан 180 мамлекеттин арасында 120-орунду ээледи. Бул - Борбор Азия мамлекеттеринин арасында төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Нурай Мамытова рейтинг кантип аныкталары жөнүндө айтып берди.
Published 06/06/21
Артынан калбай коркуткан эркектен кутулуу үчүн Түркияга кетем деп даярданып жүргөн Айзада Канатбекова максатына жетпей калды. Учурда күйөөсүнүн же жигитинин зордук-зомбулугунан качып миграцияда жүргөн башка кыргызстандык кыз-келиндер да бар.
Published 04/10/21
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө пандемиянын шартында, базарда баа өсүп жатканда кантип үнөмдүү жашаса болоруна токтолобуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товардын баасы дээрлик 50% өстү. Кымбаттоонун айынан сиз да үнөмдүу жашоо тууралуу ойлоносузбу?
Published 03/25/21
8-март - Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнү. Кыргызстанда бул датанын түпкү маанисин коом кандай түшүнөт? Өлкөнүн саясий, социалдык турмушунда кыз-келиндердин орду жана ролу кандай? "Аялзат" түрмөгүндө ушул суроого жооп издедик.
Published 03/08/21