Episodes
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Аксы районунан химия мугалими Аяна Жусупбаева баян жөнөттү. Ал пандемия маалында окуучулар менен онлайн иштөөнүн түйшүгүн айтып берет. Кыйынчылыкка карабай, бир катар иш-чараларда ийгиликке жеткенине, компьютерди өздөштүрүп алганына кубанат.
Published 09/11/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Бишкектен Айгүл Бөлөкбаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал коронавирус пандемиясы учурунда үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине жакын болуп, көңүлдүн боштугу толгонун айтат.
Published 09/09/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын актрисасы Жаркын Дүйшөнбаева жөнөткөн баян. Ал коронавирус пандемиясы адамзатты түйшүккө салганы менен калыптанып калган жаман мүнөздөр өзгөрбөй, ошол бойдон калганын белгилейт.
Published 09/06/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Ысык-Көлдүн Тоң районунан Самара Асылбек кызы жөнөткөн баян. Ал мугалимдик кесипке окуп, диплом алганын айтып, пандемия маалында мектепке кантип жумушка кирерин билбей турганын баяндайт. Ошондой эле жашоого мамиле өзгөргөнү тууралуу ойлору менен бөлүшөт.
Published 09/03/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" - деп аталган подкаст сынакка Оштун Араван районунан Нургүл Ташиева баян жөнөттү. Ал коронавирустан улам коркуп жашаганга көнүп баратканын, бейпил күндөрдү сагынганын айтат. Ал жакын арада бул түйшүк кетерине ишенип, башкаларды да кайгыга чөкпөй жашоого чакырат.
Published 09/01/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" деп аталган подкаст сынакка Бишкектен журналист Дайырбек Мейманов аудиобаян жөнөттү. Ал оорудан сактанып жүргөнүнө карабай коронавирусту жугузуп алганын, андан кийинки түйшүгүн баяндап, кыргыз бийлигинин илдетке каршы күрөшүн сынга алды.
Published 08/29/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" сынагына Жалал-Абаддан Кайрат Искендеров кезектеги баянын жөнөттү. Ал Кыргызстанда жарыяланган "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында" перзенттерине жакын болуп, аларга маданий азык бергенге көңүл бурганын айтып берет.
Published 08/26/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Бишкектеги Кыргыз-түрк Манас университетинин студенти Жолдубек Качкынбаев баян жөнөттү. Ал пандемия учурунда көбөйгөн кабарлардан чарчаганын айтып берет.
Published 08/23/20
“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Таластын Кара-Буура районунан Сыргак Авасбеков баян жөнөттү. Ал коронавирустан улам туризмге байланыштуу ишин уланта албай, дыйканчылык менен алектене баштаганын, айылдаштары тууралуу видеоблог тартууга киришкенин жана чет тилин үйрөнүп жатканын баяндайт.
Published 08/20/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Ош шаарынан 80 жаштагы ардагер, жазуучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңерген ишмер Абдуганы Абдугафуров аңгеме жөнөттү. Ал коронавирус пандемиясы маалында элдин башына түшкөн мүшкүлдү чакан чыгармада баяндайт.
Published 08/18/20
“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” сынагына Ысык-Көлдөн мугалим Аида Мусалимова баян жөнөттү. Ал ысырапкорчулук, кенебестик кылган адамзатты пандемия тизгиндегендей болгонун айтып, ой-толгоосун ыр менен жеткиргенге аракет кылды.
Published 08/15/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайнаке Бообекова баян жөнөттү. Ал коронавирус пандемиясынын өзүнө тийгизген таасири жөнүндө эмес, ушул оорунун келип чыгуу себептери жана адамзат менен жаратылыштын мамилеси жөнүндө кеп кылат.
Published 08/13/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Таластын Манас районунан Дамира Омарова жана небереси Ариет жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Дамира апанын уул-келини, Ариеттин ата-энеси Бишкекте иштеп жүрүшөт. Коронавирустун айынан алар бири бирине жете албай отурушат.
Published 08/10/20
"Азаттыктын" "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" деп аталган подкаст сынагына Ысык-Көлдүн Тоң районунан Айдай Керимова баян жөнөттү. Ал көзүнөн биринчи топтогу майып. Керимова пандемия бар нерсени кадырлоого үйрөткөнүн айтып, бийликтин майып адамдарга мамилесине кейиди.
Published 08/08/20
“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Анара Жумабаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусияда мигрант экенин, пандемия учурунда үйдө ишсиз жатып, диний амалдарга кызыга баштаганын айтып берет.
Published 08/05/20
"Азаттык" радиосунун "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" аттуу сынагына Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясынын окуучусу Алия Ибраева жолдогон подкастты сунуш кылабыз. Ал пандемиянын оң жана терс таасирлерин анализдеп, кыргыз тилинде жазган алгачкы баянын жиберген.
Published 08/03/20
«Азаттык» радиосунун «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» деп аталган подкаст сынагына Токтогулдан Мая Бейшенова жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал медицина тармагын тандап, билим алып жатканына сыймыктанат. Коронавирусту жакында солуй турган гүлгө салыштырат.
Published 07/31/20
«Азаттык» радиосунун «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» деп аталган подкаст сынагына Чолпон-Атадан Табылды Казиев баян жөнөттү. Ал коронавирус жаратылыштын улуу коңгуроосу экенин айтып, адамзат табиятты кенебей ушул күнгө туш болгонуна кейийт.
Published 07/27/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" сынагына Жалал-Абад шаарынан Элиза Акжолтоева баян жолдоду. Ал карантин маалында балдарынын өзгөчө өнөрлөрүн байкап, үйдөн алыста иштеген жолдошуна мээрими күчөгөнүн, окулбай жаткан китептерин окуп, аны башкаларга кантип бөлүшкөнүн сүйлөп берди.
Published 07/26/20
«Азаттык» радиосунун «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» деп аталган подкаст сынагына Чынара Айтбаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында мигрант. Кыргыз бийлигинин илдет учурундагы жоопкерчилигине кейип, кыялдары өзгөргөнүн баяндайт.
Published 07/23/20
"Азаттык" радиосунун "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" аттуу сынагына Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынан Кайрат Искендеров жолдогон кезектеги подкастты сунуш кылабыз. Ал пандемия учурунда соцтармактан алыстаганы, мындан кандай пайда көргөнү тууралуу айтып берет.
Published 07/21/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына журналист Асел Сооронбаева баян жөнөттү. Ал пандемия учурунда дарыгерлерди абдан баалап калганын, бир кездери ак халатчандарды сындаганы үчүн өкүнүп отурганын айтып берди.
Published 07/19/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Таластын Манас районунан дарыканачы Батмакан Айталиева карантин учурунда жазган ырларын жөнөттү. Элдин башына түшкөн көйгөйдү, дос-туугандарын сагынган сезимдерин ыр менен жеткирет. Маркум акындар Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовду жоктойт.
Published 07/18/20
“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова баян жөнөттү. Ал 73 күндүк карантинди кандай өткөргөнүн баяндайт.  Кризистик борборго баш калкалап келген кыз-келиндердин абалын, карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн мисалдар менен айтып, кейиди.
Published 07/15/20
“Азаттык” радиосунун “Пандемия мени кандай өзгөрттү?” аттуу сынагына журналист Гүлжан Алтымышбаева аудиобаян жөнөттү. Ал пандемия учурунда балдары менен баарлашканга көп убакыт тапканын, перзенттеринде мурда өзү байкабаган өнөрлөргө күбө болгонун айтып берди.
Published 07/13/20