Episodes
Жаңы жылда дүйнө жүзүндө жана чөлкөмдө кандай чоң окуялар жана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? "Азаттыктын" кабарчылары Кубат Касымбеков менен Элиза Кененбаева айтып беришет.
Published 12/30/21
Азыркы кыргызстандык ким? Бир канча тил, технологияны билген кыз-жигитпи? Жакшы жашоо издеп кеткен мигрантпы? Өз мекени үчүн кайдыгер эмес замандашпы? "Азыркы кыргызстандык" подкастынын алгачкы каарманы алып баруучу Урмат Борченов.
Published 11/20/20
Дарыгерлердин шалаакылыгы менен кичинекей кезинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган Көпөлөк сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясын сунуш кылат.
Published 11/20/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" аттуу подкаст сынагына Курманбек Ниязбеков аттуу угарман өзгөчө баян жөнөттү. Ал коронавирус тууралуу ойлорун жалаң К тамгасынан куралган сөздөр менен жазган.
Published 10/29/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" аттуу подкаст сынагыбызга Кыргыз-түрк Манас университетинин студенти, Баткен шаарынын тургуну Бостонбек Бабаев баян жөнөттү. Ал карантин учурунда үй-бүлөсү менен бактылуу күн кечирип, өзүн өнүктүрүүгө аракет жумшаганын айтып берди. Пандемиянын айынан Европага тажрыйба алмашууга бара албай калганына токтолду.
Published 10/26/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" - деп аталган подкаст сынакка Бишкектеги Медициналык академиянын студенти Кутман Майрамбек уулу баян жөнөттү. Ал өз ыктыяры менен коронавируска каршы күрөшкөнү, кызыл зонада иштеген оор күндөрү тууралуу айтып берет.
Published 10/24/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" - подкаст сынагына Бишкектеги Медициналык академиянын окутуучусу Алтынай Акылбекова баян жөнөттү. Ал коронавирус жайылган кездеги дарыгерлердин эрдигин, анын ичинде жаш медиктердин ишин даңктап, сыймыктанат.
Published 10/22/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" аттуу подкаст сынагына Оштон ардагер мугалим, 79 жаштагы Вахаб Бостонумаров баян жөнөттү. Ал коронавирус кризисине байланышуу ой-толгоолору менен бөлүшүп, адамзатка болгон мээрими тууралуу айтып берет.
Published 10/21/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" аттуу подкаст сынагына Чүйдүн Аламүдүн районунан Сайпидин Султаналиев баян жөнөттү. Ал коронавирустан улам киргизилген карантин шартындагы бекерчилик кездери жана кайрымдуулук дүкөнүн ачканы тууралуу айтып берет.
Published 10/19/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Өзгөн районунун Шералы айылынан пенсионер Дилбар Абдуманапова баян жөнөттү. Ал коронавирустан улам киргизилген карантинде дос-тааныштарынын пейили кандай өзгөргөнүн айтып берет.
Published 10/17/20
Ала качуу аркылуу баш кошууга мажбур болгон, зомбулукка кабылган, аны жеңип чыккан келин жөнүндө баян. Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси кендирди кескен көйгөй бойдон калууда. "Азаттык" радиосу "Айкын багыт" уюму менен биргеликте аялдардын укугун коргоого чакырган, зомбулукту жеңүүгө үндөгөн аудиобаяндардын сериясын сунуштайт.
Published 10/14/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" - подкаст сынагына Нарындан Жумагул Сатбалдиев баян жөнөттү. Ал коронавируска чейин көптөгөн баалуулуктар унутулганын сөз кылат. Карантинде үйдө отуруп, каралбай калган тамаркасына мөмө-жемиш тиккенин айтып берди.
Published 10/14/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" - подкаст сынагына дин таануучу Элмурат Кочкор уулу жөнөткөн баян. Ал коронавирус илдети жайылган кезде кабылган кыйынчылыктар, пандемиянын жеке жашоосуна тийгизген төрт таасири тууралуу айтып берет.
Published 10/12/20
“Пандемия мени кандай өзгөрттү?” – подкаст сынагына Бишкектен ардагер мугалим, “Билим берүүнүн отличниги”, 66 жаштагы Жамиля Баймурзаева баян жөнөттү. Ал пандемия учурунда адамзат тарткан түйшүк тууралуу айтып, урмат-сыйга байланыштуу байкоолорун бөлүшөт.
Published 10/10/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Бишкектен пенсионер Адем Истанбеков баян жөнөттү. Ал коронавирус кризиси маалында көзү өткөн кишинин зыйнатын өткөрүү жаатындагы пикири, куру намыска алдырган үрп-адаттар тууралуу айтып, жашоону куракка салыштырган.
Published 10/08/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" - подкаст сынагына Чолпон Орозалиева баян жөнөттү. Ал 2020-жылдын март айына белгиленген нике тою карантиндин айынан ойдогудай өтпөй калганын айтат. Ошентсе да коронавирус элди ысырапкорчуктан тыйганын белгилеп, замандаштарына ден соолук каалайт.
Published 10/03/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Бишкектен 68 жаштагы Авазбек Жусупбеков баян жөнөттү. Ал коронавируска кабылганын, илдет менен күрөшкөнүн баяндайт. АКШга барам деген кыялы пандемиянын айынан ишке ашпай калганына кейийт.
Published 10/01/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Жалал-Абаддын Ноокен районунан Маданбек Маматов баян жөнөттү. Ал коронавирустан улам мектептин 11-классын онлайн аяктаганын, карантинден улам окууга даярданганга шарты болбой, Республикалык тестирлөөдөн жетиштүү упай топтой албай калганын айтып берди.
Published 09/29/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Баткенден Канышай Кудайбердиева жөнөткөн баян. Ал коронавирус кризиси учурунда кыргыз элинде боорукер ыктыярчылар көбөйгөнүн, илдетке каршы жамааттык күрөш жүргөнү тууралуу ойлору менен бөлүшөт.
Published 09/26/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Бишкек шаарынын тургуну, 56 жаштагы Замира Молдобакирова баян жөнөттү. Ал коронавирустан улам билим берүү тармагы онлайн окутууга өткөндүктөн, балдарда жалкоолук күчөгөнүнө кейийт. Айрыкча, кыймыл аздыгынан шаарда кабаттуу үйдө жашаган жеткинчектерди түрдүү оорулар торубаса экен деп чоочулайт.
Published 09/23/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына журналист Алимжан Алибеков баян жөнөттү. Ал коронавирус кризисинен улам онлайн сабак берүүнүн оош-кыйышы тууралуу, мугалимдердин эмгеги жөнүндө сөз кылат.
Published 09/20/20
Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет.
Published 09/19/20
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" подкаст сынагына Бишкектеги Кыргыз-түрк Манас университетинин студенти Адил Какенов кезектеги баянын жөнөттү. Ал коронавирус кризисинде адамзаттын жүрүм-туруму, бийлик менен жарандардын ортосундагы ажырым тууралуу сөз кылат.
Published 09/17/20
"Азаттыктын" "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" деп аталган подкаст сынагына Асел Батырбекова аттуу окурман баян жөнөттү. Ал пандемия маалында билимдин кадыры тууралуу көбүрөөк ойлонгонун айтып, миграцияга кеткен жаштардын абалына кейиди.
Published 09/14/20