Концепция - жаңы, көйгөйлөр - эски - Февраль 08, 2021
Listen now
Description
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы 6 жылга делип кабыл алынган.Концепциянын негизги максат, милдети кандай болчу? Ал канчалык деңгээлде ишке ашты? Эми жаңы иштелип чыккан концепция эскисинен эмнеси менен айырмаланат? “Биз жана дин” түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Гүлназ Исаеваны кепке тартты.
More Episodes
Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты Элмурат Кочкор уулу “Азаттык” радиосуна маек куруп, Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын идеологиясы, алардын жасап жаткан иштери жана аймактагы мамлекеттерге таасири тууралуу айтып берди.
Published 10/27/21
Коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигине карабастан Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө койбойт. Бирок гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат. Муфтият COVID-19 илдетине каршы вакцина алуу – орозону бузбайт деп маалымдады. "Биз жана дин"...
Published 04/19/21