Episodes
Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты Элмурат Кочкор уулу “Азаттык” радиосуна маек куруп, Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын идеологиясы, алардын жасап жаткан иштери жана аймактагы мамлекеттерге таасири тууралуу айтып берди.
Published 10/27/21
Коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигине карабастан Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө койбойт. Бирок гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат. Муфтият COVID-19 илдетине каршы вакцина алуу – орозону бузбайт деп маалымдады. "Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон орозо кармоого арнадык.
Published 04/19/21
"Биз жана дин" түрмөгүндө майыптыгы бар адамдардын укугун диний көз караштан талдайбыз. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерди коргоо, жарандык укугун камсыздоо – мамлекеттик саясаттын бирден-бир маанилүү багыты. Бул үчүн Баш мыйзамда атайын беренелер каралып, тиешелүү укуктук ченемдик актылар кабыл алынган.
Published 04/18/21
Кыргызстанда муфтияттагы жетекчилик орундардын бирин аял кишиге берүү демилгеси талкууланып жатат. Активист кыз-келиндер мындай сунушту мусулман аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу аракети менен негиздешүүдө. Ошол эле учурда айрым дин өкүлдөрү аялдардын диний башкарууга аралашуусун колдобойт. "Азаттыктын" “Биз жана дин” түрмөгүндө ушул маселе талданды.
Published 04/01/21
Исакбай Мурзабеков Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы. «Биз жана дин» түрмөгүнө интервью маалында ал Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абал туруктуу болгону менен айрым аймактарда, адамдар арасында радикалдашуу бардыгын, анын айынан айрым кыздар турмушка эртелеп чыгууга аргасыз болуп жатканын, ошол эле маалда түшүндүрүү иштери күчөп, анын аркасында, алсак, Сирияга кеткендер азайганын айтып берди.
Published 03/28/21
Диний радикалдык агымдардын жайылуусуна билим берүү менен гана чек коюлабы же башка иш-аракеттер да зарылбы? Дин тутунгандар менен дүйнөбий көз караштагы адамдардын ортосундагы ажырым, бири-бирине сабырсыз мамиле кылуу деле радикализмдин тамыр жайышына өбөлгө түзүшү мүмкүнбү?
Published 03/17/21
Кыргыз коомчулугунун арасында диний негиздеги талаш-тартыш айрыкча социалдык желеде күчөдү. Диний маанайдагы тайпаларда же болбосо жеке колдонуучулар тарабынан мусулманчылыкка байланыштуу ар кандай мүнөздөгү посттор, комментарийлер жазылып, кээде виртуалдык дүйнөдө агрессивдүү кайым айтышуулар менен коштолот. "Биз жана дин" түрмөгүндө сабырдуулуктун Ислам дининдеги орду жана талабын мисалдардын, тарыхый окуялардын негизинде айтып бергенге аракет кылабыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов...
Published 03/07/21
“Биз жана дин” түрмөгүндө диний билим алгандардын ич ара атаандашуусу менен байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, анын себептерин талдаганга аракет кылабыз. Бул маселени дин таануу жаатындагы адистер Канатбек Мурзахалилов менен Азиз Ташполотов талкуулашат.
Published 02/27/21
«Биз жана дин» түрмөгүн бул ирет Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун диний ишенимине, дин тутуу маданиятына жана өзгөчөлүктөрүнө арнайбыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен жарандык активист, журналист Бахрам Рахман талкуулашты.
Published 02/22/21
”Биз жана дин" түрмөгүндө муфтияттын, анын жетекчилигинин ишмердигин жана келечегин талдоого алабыз. Муфтияттын айланасындагы чуулгандуу окуя өлкөдөгү эң талкууланган темалардын бири болду. Эксперт Канатбек Мурзахалилов бул жагдайды талдоо үчүн саясий илимдердин кандидаты Тимур Козукулов менен “Саресеп” аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракуновду кепке тарткан.
Published 02/14/21
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы 6 жылга делип кабыл алынган.Концепциянын негизги максат, милдети кандай болчу? Ал канчалык деңгээлде ишке ашты? Эми жаңы иштелип чыккан концепция эскисинен эмнеси менен айырмаланат? “Биз жана дин” түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Гүлназ Исаеваны кепке тартты.
Published 02/08/21
Кыргызстанда акыркы кездери мектепте жоолук салынуу маселесинде дагы талаш-тартыш жарала баштады. Маселени жайгарууга Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да киришип, мектепте окуган кыздардын жоолукчан билим алуусуна конституциялык укуктар жол берерин билдиришти.
Published 01/31/21
Диний билим берүүдө кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасы керекпи же Кыргызстан өз моделин иштеп чыгууга тийишпи? «Биз жана дин» түрмөгүндө Канатбек Мурзахалилов менен дин таануу илимдеринин доктору Сайфулла Базаркулов ушул темага кайрылышты.
Published 01/25/21
Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо айрым талапкерлер өзүнүн диндар экенин көрсөтүүгө аракет кылып, теледебаттарда диний көз караштагы чакырык таштоого үлгүрдү. Кийинки жылдары буга чейинки шайлоо жараяндарында да талапкерлер динди колдонгон бир нече факты байкалган. Талапкердин жарандарга диний ишенимин таңуулашы, элге ушул жол менен таасир этүү аракети кыргыз мыйзамдарына дал келеби? Бул жагдай мамлекеттик башкарууда кандай оош-кыйыштарды жаратат?
Published 01/20/21
«Адеп башаты» диний уюму «Баары үй-бүлөдөн башталат» деп аталган эки айлык долбоорду ишке ашырууда. Анын максаты – үй-бүлөдөгү ажырашуунун, зомбулуктун алдын алуу, бир туугандардын байланышын чыңдоо. 2020-жылдын декабрында башталган өнөктүк январдын этегинде аяктайт. «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүндө ушул долбоор тууралуу жана аялдардын укугу тууралуу кеп кылабыз.
Published 01/13/21
"Биз жана дин" түрмөгүндө Кыргызстандагы диний чөйрөдө 2020-жылы орун алган орчундуу окуяларга назар салабыз.
Published 12/27/20
Кыргызстанда дүйнөбий мамлекет деген түшүнүктүн алкагындагы талкуу коомдун диндешкен катмары экиге бөлүнгөнүн көрсөттү. Бир тарабы дүйнөбий түшүнүктү жактаса, экинчиси андан баш тартууга үндөйт. Ал арада айрымдар «исламдашууга каршы кара пиар башталды» деген пикирин билдирсе, дин аалымдарынын кээ бирлери саясий кырдаалды курчутуп жибербөөгө, ал тургай кандайдыр бир пикир билдиргенде геосаясий абалды да эске алууга чакырышууда.
Published 12/22/20
Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан дин багытында кандай долбоорлор ишке ашырылат жана алардын дин чөйрөсүнө тийгизген таасири кандай? Эл аралык уюмдар негизги көңүлдү кандай маселелерге жана кимдерге бурат? Мамлекет менен эл аралык уюмдардын бул багыттагы кызматташтыгы канчалык натыйжалуу болот? «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнадык.
Published 12/15/20
Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине да чектөө жок болсо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов Иордания Улуттук университетинин “Ислам укугу” бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, теолог Ибрагим Абдиев менен бирге талдоого алат.
Published 12/01/20
Кыргызстандын Баш мыйзамынан “дүйнөбий мамлекет” деген түшүнүктү алып салуу тууралуу сунуш кызуу талкууга түштү. Муну айрым эксперттер өлкөнүн саясатын диний башкарууга буруу катары сыпатташууда. “Азаттыктын” “Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнайбыз.
Published 11/30/20
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эмгек жамааты жаңы жетекчи менен иштешүүдөн баш тартып, бийликке кайрылды. Жаңы жетекчи Акин Токталиев түзүлгөн кырдаал боюнча «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна жооп берди.
Published 11/25/20
Кыргызстанда «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын мектептерге толук киргизүү 2020-2021-окуу жылында да ишке ашпады. Буга чейин алтымышка жакын мектепте үч ирет сыноо мөөнөтүндө окутулган предметти толук жайылтууда кандай маселелер бар?
Published 11/15/20
Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы мусулман коомчулугунун бир катмарында күч алган маанай Кыргызстанда да байкалды.Ушундан улам диний реакциялардагы саясий боёкту жана анын дипломатияга тийгизген таасирин адистер талдаганга аракет кылышты.
Published 11/08/20