«Чыныгы мусулман башка динге тил тийгизбейт» - Март 07, 2021
Listen now
Description
Кыргыз коомчулугунун арасында диний негиздеги талаш-тартыш айрыкча социалдык желеде күчөдү. Диний маанайдагы тайпаларда же болбосо жеке колдонуучулар тарабынан мусулманчылыкка байланыштуу ар кандай мүнөздөгү посттор, комментарийлер жазылып, кээде виртуалдык дүйнөдө агрессивдүү кайым айтышуулар менен коштолот. "Биз жана дин" түрмөгүндө сабырдуулуктун Ислам дининдеги орду жана талабын мисалдардын, тарыхый окуялардын негизинде айтып бергенге аракет кылабыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен “Аль Азхар” университетинин бүтүрүүчүсү Бактыбек Карашов талкуулашты.
More Episodes
Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты Элмурат Кочкор уулу “Азаттык” радиосуна маек куруп, Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын идеологиясы, алардын жасап жаткан иштери жана аймактагы мамлекеттерге таасири тууралуу айтып берди.
Published 10/27/21
Коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигине карабастан Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө койбойт. Бирок гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат. Муфтият COVID-19 илдетине каршы вакцина алуу – орозону бузбайт деп маалымдады. "Биз жана дин"...
Published 04/19/21