Кемпир-Абад чечими, соңку кырдаал - Ноябрь 18, 2022
Listen now
Description
Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимди кабыл алды. Кемпир-Абад маселеси соңку айлардагы өлкөдөгү эң башкы темага айланды. Кызуу талкуу, камоолор, кармоолор, парламентте эмоция (!), талаштар менен коштолду. Биз бул теманы кечээ кечинде талкуулайбыз деп, анонс бердик эле. Бирок айрым коноктор келе албай калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырууга туура келди. Бул үчүн көрөрмандардан кечирим сурайм. Бүгүн буга чейин-талаш тартыш менен коштолгон кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе же Кемпир-Абад кризиси чечилдиби? Мындан ары коомдук-саясий абалда эмне өзгөрүү болот? Бул суроолорду «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз.
More Episodes
9-декабрда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги саммити өттү. Анда уюмдун алкагында газ базарын түзүү, ички рынокту жөндөө сыяктуу жалпысынан 17 маселе каралды. Беш мамлекеттин башын кошкон биримдиктин катарына Кыргызстан жети жыл мурда кирген.
Published 12/10/22
Кыргызстанда массалык башаламандыкка даярдык көргөн деген шек менен 20га жакын активист, саясатчы камалды. ИИМ аларды өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган деп шек санап жатат. Оппозиция жана жарандык коом саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Ал тапта Маданият министрлиги «Азаттык» радиосунун...
Published 10/26/22