Episodes
9-декабрда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги саммити өттү. Анда уюмдун алкагында газ базарын түзүү, ички рынокту жөндөө сыяктуу жалпысынан 17 маселе каралды. Беш мамлекеттин башын кошкон биримдиктин катарына Кыргызстан жети жыл мурда кирген.
Published 12/10/22
Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимди кабыл алды. Кемпир-Абад маселеси соңку айлардагы өлкөдөгү эң башкы темага айланды. Кызуу талкуу, камоолор, кармоолор, парламентте эмоция (!), талаштар менен коштолду. Биз бул теманы кечээ кечинде талкуулайбыз деп, анонс бердик эле. Бирок айрым коноктор келе албай калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырууга туура келди. Бул үчүн көрөрмандардан кечирим сурайм. Бүгүн буга чейин-талаш тартыш менен коштолгон кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе же...
Published 11/18/22
Кыргызстанда массалык башаламандыкка даярдык көргөн деген шек менен 20га жакын активист, саясатчы камалды. ИИМ аларды өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган деп шек санап жатат. Оппозиция жана жарандык коом саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Ал тапта Маданият министрлиги «Азаттык» радиосунун сайтын эки айга жапты. Соңку чечимдер адам укуктары жана сөз эркиндигине басымбы? Бул кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолдору бар?
Published 10/26/22
Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилеп жатат. Быйылкы майрам дүйнөдө олку-солкулук орун алып, экономика, коопсуздуктун мааниси арткан мезгилге туш келди. "Эксперттер талдайт" программасында эгемен Кыргызстандын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери тууралуу суроолор талкууланды.
Published 08/30/22
Орусияда жол кырсыгында мерт болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинип, жерге берилди. Бул кырсык кыргызстандыктардын үрөйүн учуруп, мигранттардын маселесин кайрадан көңүл борборуна чыгарды. Учурда коомдо мигранттардын көйгөйү, коопсуздугу кызуу талкууланып жатат.
Published 08/25/22
Президент Садыр Жапаров ноябрда курултай чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Курултайды уюштуруу боюнча даярдыктар башталып, аны менен катар ар кандай талкуулар жанданды. Депутаттар буга чейин артыкбаш орган катары ага каршы чыгып, мыйзамды четке какканына карабай өтчү курултайда кандай маселелер каралат? Коомдогу көйгөйлөрдү көтөрө алабы?
Published 08/18/22
Кыргызстандан жыл санап сыртка агылгандар көбөйүүдө. Кыргызстанга келген БУУнун атайын өкүлү муну кооптондуруучу абал деп сыпаттады. Кыргызстандан сыртка агылган «Акыл көчүнүн» кесепети кандай болот? Жапырт миграция улуттук коопсуздукка кандай таасир тийгизет?
Published 07/14/22
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы башаламандык боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды актады. Ишти караган судья мурдагы президент жана пикирлештеринин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты. Соттун акыркы чечими эмнеден кабар берет? Бул суроону "Эксперттер талдайт" программасында талкуубайбыз. Талкууга Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы судья Клара...
Published 06/29/22
Акыркы эки аптада УКМКнын тергөө абагында кармалып турган экинчи шектүү жаран каза болду. Үч күн мурун банкир Бакыт Асанбаевдин асынган абалда сөөгү тергөө абагында табылды. УКМК Асанбаев өз жанын кыйганын билдирүүдө.
Published 06/21/22
Кыргызстанда "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып, абакта кезинде каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жабык жайлардагы адам укугу маселесин күн тартибине чыгарды.
Published 06/15/22
Айрым депутаттар парламент менен өкмөттүн ортосунда тиреш байкалганын айтса, күч органдарынын жетекчилери эл өкүлдөрүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү үчүн айыптады. Бийлик бутактарынын ортосунда мамиле кандай болушу керек?
Published 06/02/22
Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.
Published 05/27/22
Кыргызстанда элдик курултай жөнүндө мыйзам кайрадан күн тартибине чыкты. Президенттин демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан курултай мыйзамын парламенттин тармактык комитети четке какты. Депутаттар мыйзам долбоордогу курултайдын түзүлүшүн мамлекеттик бийлик системасына артыкбаш орган деп атап, каршы чыгууда. Бирок курултайдын жактоочулары бул институтту эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болот деп түшүндүрүп жатат. Баш мыйзамда киргизилген курултай институтунун тегерегиндеги...
Published 05/19/22
Энергетикадагы коррупциялык схемаларды түзүүчү деген Алексей Ширшов үй камагына бошотулду. Аны бир күн мурун УКМК «коррупция» беренеси боюнча шектүү катары кармаган. Соттун бул чечими коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чакта президент Садыр Жапаров Ширшов анын макулдугу менен өлкөгө келгенин билдирди. Алексей Ширшов ким жана анын айланасындагы акыркы окуялар эмнеден кабар берет? «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз.
Published 05/11/22
Президент Садыр Жапаров ушул аптада кеңири маек берип, өлкөдөгү талкууга түшкөн маселелер боюнча өз пикирин билдирди. Жапаровдун маеги президенттик башкарууну жактаган Конституция күчүнө киргенинин бир жылдыгына туш келди. "Эксперттер талдайт" программасында президенттин соңкү билдирүүлөрүн талдайбыз. Көрсөтүүгө президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, саясатчы Бектур Асанов, журналист Аскер Сакыбаева жана юрист, активист Канат Мидин уулу катышты.
Published 04/27/22
Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча жараян жүрүүдө. Айыпталуучулардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар бар. Алар иш калыс тергелген жок деп нааразы. Прокуратура Атамбаевдин соттогу акыркы аракеттери мыйзамга каршы келерин эскертти.
Published 04/21/22
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. 12-апрелдеги жаңжалдан улам Лейлек районунун миңдеген тургуну коопсуз жерге чыгууга аргасыз болду. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кырдаалды жөнгө салуу аракети жүрүп жактанын билдирүүдө. Улам-улам чыккан чек ара чатактарын басуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Дегеле кыргыз-тажик чек арасы качан такталат?
Published 04/13/22
Кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга кол коюлду. Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, Кыргызстан эң чоң алтын кенине толук ээлик кыларын жарыялады. Өлкө эгемендик алгандан бери чуусу басылбаган кен боюнча келишимдин шарттары кандай? Кыргызстанга толугу менен өткөн Кумтөр кантип иштетилет? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз. Талкууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил...
Published 04/05/22
Кыргызстанда соңку апталарда көз карандысыз Next TV каналы ишин токтотуп, айрым укук коргоочуларга айыппул салынды. Бир катар укук коргоочулар акыркы окуяларды адам укугун бузуу катары сыпаттаса, укук коргоо органдары мыйзамдын талабы катары атап жатат. Өлкөдөгү сөз эркиндигин сактап, мыйзамдын талабын аткаруу үчүн азыркы шартта эмнелерге көңүл буруу керек? Бул суроону «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз.
Published 03/30/22
Президент Садыр Жапаров ишкерлерди чогултуп, көмүскө бизнести ачыкка чыгарууга чакырды. Анда учурдагы кыйын кырдаалда активдерди легалдаштыруу жана мунапыс мыйзамы тууралуу сөз болуп, бийлик менен бизнес "мырзалар келишимине" кол койду. Бул келишимде эмнелер камтылган? Азыркыдай экономикалык оор жагдайда бийлик бизнестен эмнени күтөт жана ишкерлер өкмөттүн убадаларына ишенеби?
Published 03/16/22
Украинадагы согуш, Батыштын Орусияга санкциясынын кесепети Кыргызстанга сезиле баштады. Валюта базарында олку-солкулук байкалып, баалар өсөрү болжолдонууда. Муну белгилеген президент Садыр Жапаров өлкөдө баа кымбаттап, улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Өкмөт мындай кырдаалда антикризистик чараларды иштеп чыгып, калкка кырдаалдан чыгуунун бир нече жолун сунуштады. Кыргыз экономикасына кыйын жана түз таасири тийип жаткан өнөктөштөрдөгү согуш менен санкциялардын...
Published 03/02/22
Орусия 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштады. Ушу тапта Украинанын бир нече аймагында салгылышуу жүрүп жатканы кабарланууда. Украин бийлиги жана бир катар өлкөлөр Орусиянын чабуулун айыптап жатат. Бир нече аптадан бери сөз болуп келе жаткан согуш коркунучу учурда дүйнө назарында турат. Жаңжалдын таасири Кыргызстанга сезилип, валюта базарында олку-солкулук орун алды.
Published 02/24/22
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салып, аны тактоо үчүн учурда эмнелерге көңүл буруу керек? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууладык. Программага Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуз комитетинин төрагасы Жанар Акаев, экс-депутат, саясатчы Улукбек Кочкоров жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Бактыгүл Каламбекова катышты.
Published 02/02/22
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун баңгизат колдонууга айыпталып, кайра бошотулушу коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Бир тобу өлкөдөгү чоң жетекчилердин жакындары тууралуу иликтөөлөр жарыялангандан кийинки бул окуяны "сөз эркиндигине чабуул" деп баалашса, Ички иштер министрлиги катардагы кылмышты иликтөө катары түшүндүрүүдө. Темиров жана Назаровго карата козголгон кылмыш иши эркин басма сөзгө эскертүүбү? Сөз эркиндиги менен мыйзам алдындагы...
Published 01/25/22