Украинадагы согуш: Кесепети жана таасири - Февраль 24, 2022
Listen now
Description
Орусия 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштады. Ушу тапта Украинанын бир нече аймагында салгылышуу жүрүп жатканы кабарланууда. Украин бийлиги жана бир катар өлкөлөр Орусиянын чабуулун айыптап жатат. Бир нече аптадан бери сөз болуп келе жаткан согуш коркунучу учурда дүйнө назарында турат. Жаңжалдын таасири Кыргызстанга сезилип, валюта базарында олку-солкулук орун алды.
More Episodes
9-декабрда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги саммити өттү. Анда уюмдун алкагында газ базарын түзүү, ички рынокту жөндөө сыяктуу жалпысынан 17 маселе каралды. Беш мамлекеттин башын кошкон биримдиктин катарына Кыргызстан жети жыл мурда кирген.
Published 12/10/22
Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимди кабыл алды. Кемпир-Абад маселеси соңку айлардагы өлкөдөгү эң башкы темага айланды. Кызуу талкуу, камоолор, кармоолор, парламентте эмоция (!), талаштар менен коштолду. Биз бул теманы кечээ кечинде талкуулайбыз деп, анонс бердик эле. Бирок айрым...
Published 11/18/22