Кыргызча - "Сен менин тынчымсың".mp4 / Кыргыз - "Ты мой покой“.mp4
Listen now
Description
Қырғыз - "Сен менің тыныш".mp4 / Kyrgyz - "You Are My Peace" - "Тынчтыгым Сен".mp4 //Корунттуктарга жазылган биринчи кат 15 1 Эми, боордоштор, эсиңерге өзүм жарыялаган Жакшы Кабарды салгым келет. Силер аны кабыл алып, ага ылайык жашап келатасыңар. 2 Эгер мен жарыя кылган Жакшы Кабарга ылайык жашасаңар, ошол аркылуу куткарыласыңар. Антпесе ага ишенгениңер куру бекер. 3 Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген ошол кабардын ток этер жери мындай. Ыйык Жазууда убада кылынгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман болгон. 4 Анын көргө коюлуп, үчүнчү күнү кайра тирилери да Ыйык Жазууда алдын ала айтылган. 5 Андан кийин Ал Петирге, анан он эки элчисине көрүнгөн. 6 Андан соң, Аны бир эле убакта беш жүздөн ашык боордошторубуз өз көзү менен көрүшкөн; алардын айрымдары көз жумганы менен, көбү али да тирүү. 7 Андан соң, Ал Жакыпка жана элчилердин баарына көрүндү. 8 Эң акырында болсо, Аны маалынан өтүп туулган балага окшогон мен көрдүм. 9 Өзүмдү мындай дегеним, мен элчилердин катарында эң акыркы болуп турам, атүгүл элчи болуп аталууга да татыксызмын, себеби Кудай жыйынын куугунтуктагам. 10 Бирок Кудай мага ырайым этип, азыркы даражага жеткирди. Кудайдын мага кылган ырайымы текке кетпестен, мен кайра алардын баарына караганда көбүрөөк мээнеттенип иштедим. Арийне, эмгектенген мен өзүм эмес, мени колдогон Кудайдын ырайымы. 11 Ошентип, мен боломбу, же аларбы, биз жарыялап, силер ишенген кабар ушул.
More Episodes
Kazakh Language - Gospel of John 19: 1-18.mp4  //Бірінші Қорынттықт - 15-тарау -Мәсіхтің қайта тірілгендігінің куәгерлері1 Ал енді, бауырластар, мен сендерге уағыздаған Ізгі хабарды тағы да естеріңе салғым келеді. Сендер оны қабылдап, сенімдерің нығайып келді. 2 Егер оны дәл мен уағыздағандай...
Published 01/27/23
 / Kazakh Language - Gospel of John 19: 19-42.mp4 //ЖОХАН 1 - Мәсіх Иса — Құдайдың адамзатқа арнап өз ойын білдірген «Сөзі»1Әуел баста Сөз болатын, Сөз Құдайда болатын, Сөз Құдай еді. 2Сөз әуелден-ақ Құдайда болатын. 3Құдай бәрін Сөз арқылы жаратқан, жаратылған ештеңе де Онсыз пайда болмаған....
Published 01/27/23