Episodes
Базарларда соодагерлер ККМге каршы нааразылык акцияларын улантууда. Бишкекте активист Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктады. Газадагы соңку кырдаал.
Published 12/04/23
Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду.
Published 11/26/23
Published 11/26/23
Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Published 11/25/23
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды.
Published 11/24/23
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Published 11/23/23
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер бар. Алар мындай байланышты четке кагышууда.
Published 11/22/23
Ички иштер министрлиги Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атып өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалганын билдирди. Каза болгон 20 жаштагы жоокер Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилди.
Published 11/21/23
20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.
Published 11/20/23
Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү. Евробиримдик Кыргызстанга "чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынса донор уюмдар менен кызматташууга терс таасири тиерин дагы бир жолу эскертти. Орусиядан быйыл тогуз айда эки миңдей кыргыз жараны депортация болду. Газадагы абал.
Published 11/19/23
УКМК төрагасы Камчыбек өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты. Кароколдо бир айда өспүрүм кыздар жоголуп, кайра табылган үч окуя катталды. Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда.
Published 11/18/23
Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты. Прокуратура студент Ырыс Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Кыргызстандын Жапония менен кызматташтыгы талкууланууда.Газа тилкесиндеги соңку кырдаал.
Published 11/17/23
Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы” деп айтылган Азим Ройго сыртынан айып тагыгып, издөө жарыяланды. Көлбаев менен байланышта болгон деген шек менен Өзгөндүн мэри кармалды. АКШнын жана Кытайдын лидерлери жолугушту. Саясий, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды.
Published 11/16/23
УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин өкүл атасына издөо жарыяланды. Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу сунушталууда. Экс-депутат Жаныбек Бакчиев кармалды. Газадагы соңку кырдаал. “Ихсан" кооперативине байланыштуу соттук териштирүү жүрүүдө.
Published 11/15/23
Ошто шаар депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыгышты, мэр Жетигенов буга жеке кызыкчылыктар себеп деп билдирди. Бишкекте кезектеги "Мекендештер" форуму өттү. Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн “Редут” мигранттарды Украинадагы согушка тартууда. Газадагы соңку кырдаал.
Published 11/14/23
Орусиядан быйыл тогуз айда 1900 кыргыз жараны депортация болду. Ал арада Орусия Украинага согуш ачкандан бери Борбор Азия аймагынын геосаясий ролу, орду өзгөрдү. Газадагы соңку кырдаал. Абактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу үч киши суракка чакырылды.
Published 11/13/23
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самиттинде Кыргызстан Газага жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Published 11/12/23
"Альянс расследователей Беларуси" иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.
Published 11/11/23
Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди. Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда Кытайда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу маселелери да көтөрүлгөнү маалымдалды.
Published 11/10/23
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган видео боюнча комментарий берди. Орунбеков ал видео эски экенин Фейсбукка жазды.
Published 11/09/23
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күн Кыргызстанда журналисттерге басым күчөп, медианы чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлор сунушталган учурга туш келди. Буга байланыштуу 7-ноябрда өлкөдөгү бир нече медиа уюмдар бийликке кайрылып, онлайн акцияларды уюштурду.
Published 11/07/23
Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумду.
Published 11/06/23
ЕАЭБ маселелери Бишкекте талкууланды. Кытай-Кыргызстан мамилеси боюнча 12 документке кол коюлду. Газадагы соңку кырдаал. Ата-эне мектепке акча чогултпашы керек деген талап коюлгандан бери мектептерде айрым маселе жаралууда. Эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Published 10/27/23
ШКУнун өкмөт башчыларынын кезектеги саммити Бишкекте өттү. Президенттин иниси үй камагына чыкты. Жаңы курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн коопсуздугу боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү. Израил Газага абадан сокку урууну күчөттү. Тууну өзгөртүү боюнча талкууга президент да пикирин билдирди.
Published 10/26/23
“Кумтөрдөгү” коррупция боюнча негизги айыпталуучулардын ичинен үч кишиге соттун өкүмү чыкты. “Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды. Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотууга арналган акция өтүүдө. Өлкөдө кызылча оорусу жайылып жатат.
Published 10/25/23