«Азаттык» радиосунун Эркиндик үнү подкасты – ой жана сөз эркиндиги, саясий укуктар, жарандык коомдун мааниси, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзам үстөмдүгү тууралуу кызыктуу талкуу, маектер.
Орусияда “чет элдик агенттердин” cоциалдык тармактардагы каналдарына жарнама жайгаштырууга тыюу салынды. Ошентип, Юрий Дудь, Илья Варламов сыяктуу "чет элдик агенттердин" кирешеси бутага алынды. Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарга багытталган бул мыйзам карапайым жарандарга чейин кантип жетти?
Published 03/14/24
Фейсбук февралда 20 жашка толду. Ага айына жок эле дегенде бир жолудан үч миллиард киши баш багат. Бул планетадагы ар бир үчүнчү адам дегенди билдирет. Алгач студенттердин баарлашуусу үчүн ачылган сайт дүйнөдөгү окуяларга таасирин тийгизген порталга кантип айланды?
Published 02/24/24